Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

"Ислам мамлекети" тобу Сирияда 300 жумушчуну уурдап кетти


Террордук топтун согушкерлери Сирия баш калаасы Дамасктан түндүк-чыгышты көздөй кеткен райондо ушул жумада өкмөттүк күчтөргө чабуул жасай баштаган. Алар бул чабуул учурунда ал-Бадия цемент заводунун 300 жумушчусун уурдап кеткенин бүгүн Сириянын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Анда айтылганга караганда, Думейр шаарынан анча алыс эмес жайгашкан заводдун жетекчиси жумушчулар менен байланышты жоготкон.

Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деп аталган уюм мунун алдында Сириядагы булактарына таянып, "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери 5-апрелде аталган заводго чабуул жасаган соң 150дөн 250гө чейинки жумушчунун дайыны чыкпай жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG