Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:47

Түркия депортацияланган мигранттарга убактылуу баш калка берет


Түркия 20-марттан кийин Грециядан кайтарылган сириялык качкындарга убактылуу баш калка берүүнү кепилдөөдө. Бирок өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Брюссель убадасына турбаса, Анкара да Евробиримдик алдындагы милдеттемелерин аткарбасын айтты.

Түркия менен ЕБ ортосундагы келишимге ылайык, Греция Түркияга кайтарган ар бир мыйзамсыз мигрант үчүн биримдикке мүчө өлкөлөр да бир сириялык качкынга орун берүү керек. Евробиримдик мындан тыш Түркияга кошумча финансылык жардам, бул өлкө жарандары үчүн визасыз режим убада кылган. Ошондой эле Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча жараянды тездетиши шарт.

Түрк президенти Эрдоган ЕБ азырынча бул убадалар боюнча эч нерсе жасай электигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG