Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

Путин «Панама документин» Орусияны туруксуздукка багыттаган иш катары баалады


Путиндин журналисттер менен жолугушуусу, 7-апрель, 2016-жыл.

Путиндин журналисттер менен жолугушуусу, 7-апрель, 2016-жыл.

Орус президенти Владимир Путин 7-апрелде Санкт-Петербургдары журналисттер форумунда панамалык компаниянын офшор боюнча жарыяланган маалыматтары Орусияга туруксуздукту алып келүүгө багытталганын билдирди. Ошондой эле өзүнүн чөйрөсүндөгү жакын санаалаш адамдардын ысымдары аталган офшордук компанияларга тиешеси жоктугун белгилеп, Панаманын юридикалык компаниясынан документтер чыгып кетишин Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш деп атады:

- Айланамдагы адамдар аркылуу мени каралоо аракети көрүлүүдө. Биздин душмандар Орусиянын көп улуттуу элинин биримдиги менен ынтымагына тынчсызданат. Андыктан ичтен бөлүп-жарууга далалат жасашты, - деди Путин.

Архивдик маалыматтарда Путиндин эски досу жана анын кыздарынын киндик атасы делген музыкант Сергей Ролдугиндин аты аталууда. Ал офшордо миллиондогон активге ээ экени айтылган. Орус президенти Ролдугин менен дос болгонуна сыймыктанарын кошумчалап, бирок музыканттын миллиардаган долларлары тууралуу маалыматты четке какты.

3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Анын Орусияга арналган бөлүгүндө Путинге жакын адамдар "Россия" банкы жана Панамадагы офшордук компаниялар аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткени жазылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG