Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Сирияда козголоңчулар ИМдин Түркиядан адам өткөргөн жолун бууду


Сирия.
Сирия.

Козголоңчулар Сириянын Түркия менен чектеш Ал-Раи шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин сүрүп чыгарып, өз көзөмөлүнө алганы кабарланууда. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория билдирди. Маалыматка караганда, бул райондор аркылуу Түркиядан ИМдин катарына тартылган адамдар өткөрүлүп турган.

Азыр Сирияда салгылашып жаткан тараптар тынчтык келишимин аткарууда. Бирок анын “Ислам мамлекети” жана "Фронт ан-Нусра" террордук топторуна тиешеси жок.

Аталган уюмдар башка мамлекеттердин жарандарын өз катарына тартууда Түркияны өткөрүү пункту катары колдонуп келет.

XS
SM
MD
LG