Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнүно арналган Кыргызстандагы кант диабети боюнча улуттук программанын аткарылышы талкууга алынат. Ага саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү министрликтеринин өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары катышат. Мындан тышкары илдетке чалдыккандар тобу, алардын ден соолугун иликтеген дарыгерлердин катышуусунда кант диабети, андан жабыркаган жарандардын көйгөйлөрү, оорулууларды медициналык тейлөө тууралуу кеп болот.

Илдеттин таралышы боюнча Кыргызстандын абалы, реалдуу жагдайга баа берилип, оорунун көбөйүү себептери талкууланат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 50 миңден ашуун адам кант диабетине чалдыккан. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG