Бүгүн борбордогу Ала-Тоо аянтында эл аралык «Жаз Бишкек» фестивалы башталат. Jazz музыкасынын кароо-сынагын "Борбор Азия Арт Менежмент" коомдук фонду уюштуруп келет.
10-апрелге чейин созула турган саамалык быйыл он биринчи жолу өтүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, АКШ, Германия, Австрия, Швейцария, Италиядан келген музыканттар катышат. (NT)