Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 02:17

Парламент депутаттары Лондонго аттанышты


Жогорку Кеңештеги алты фракциядан бирден депутат бүгүн таңда Лондонго сапар тартышты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Британиянын чакыруусу менен уюштурулган беш күндүк сапар алкагында кыргыз депутаттары британ кесиптештери менен демократия, парламентаризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашат. Делегация курамында Аида Салянова, Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев жана башкалар бар.(UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG