Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

“Балыкчы – Корумду” автожолунун курулушу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссиянын бүтүмү 12-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев билдирди. Анын айтуусунда, иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарууга материалдар жетиштүү эмес.

Анткен менен комиссияга кирген “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаттары бүтүмдү башка күнгө жылдырууга негиз жок экенин ырасташууда. Алардын пикиринде, жол чырындагы мыйзам бузуулар боюнча материалдар жетиштүү жана бүтүмдү эрте чыгарып парламенттин жалпы жыйынына салуу керек.

Буга чейин депкомиссиянын айрым мүчөлөрү тендердеги мыйзам бузуулар үчүн өкмөт башчы Темир Сариевдин кызматтан кетишин талап кыларын айтышкан. Буга Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин тендерде уткан кытайлык компанияда Сариевдин жеке кызыкчылыгы бар, деген дооматы себеп болгон.

Премьер-министр айтылгандарды төгүндөп, жол чыры боюнча Малабаевдин өзүн жоопко тартуу керектигин айтып келет. 104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду автожолун оңдоого бюджеттен 6,8 млрд. сом бөлүнүп, тендерде жол курууга уруксаты жок “Лонг Хай” компаниясы уткан.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG