Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Субакожоев: Торугартта айып төлөбөгөн айдоочуларга күч колдонобуз


Жол.
Жол.

Ушул тапта Кытайдан жүк тарткан жүздөн ашык автоунаанын айдоочулары Ат-Башы районунун аймагындагы таразага өткөрүү пунктунда токтоп турушат. Алар пункттан өтүүгө үч күндөн бери уруксат берилбей жатканына нааразы. Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев айдоочуларга унааларда ашыкча жүк көп экенин айтып, ал үчүн айып төлөнүшүн эскертти. Болбосо мыйзамга баш ийбегендерге күч колдонулат.

- Мына канча күндөн бери ар кандай шылтоолорду айтып турасыңар. Биздин максат жаңы салынган жолду бузбай сактап калуу. Ага макул болбосоңор, азыр атайын спецназдарды чакыртабыз да, барыңарды ушул жерден 40 чакырым алыс алпарабыз. Анан ошол жерден айыппулду ким төлөсө кетет, болбосо жата бергиле ошол жерге, -деди Субакожоев.

Айдоочулар 2012-жылы чыккан өкмөт токтомуна макул эместигин билдирип, айып төлөөдөн баш тартышты. Алар Жогорку Кеңештин депутаттары келишин талап кылышууда. Бул пунктка жаңы тараза бир ай мурун коюлган. Андан бери оор жүк ташуучуларга ашыкча жүккө тыюу салынары тууралуу бир канча жолу эскертүү берилген.(MiK)

XS
SM
MD
LG