Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Баткенде молдонун сабалышы боюнча тергөө иштери башталды. Мындай маалыматты облустук милициядан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну үйлөнүп жатканын айтып, нике кыйууга айылдагы молдону чакырган. Нике кыюу учурунда турмушка чыгып жаткан аял мурдагы жолдошу менен ажырашпаганы белгилүү болот. Мындан улам молдо нике кыюудан баш тарткан учурда той ээси молдого кол көтөргөн.

Бул окуядан кийин жабырлануучу укук коргоо органдарына даттанган. Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG