Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Кэмерон офшордо үлүшү бар болгонун моюнга алды


Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон аялы менен биргеликте анын маркум атасы түзгөн офшордук компанияда үлүшү болгонун моюнга алды. Премьер бул үлүштү аялы экөө 2010-жылы эле 30 миң фунт же 42 миң долларга сатканын кошумчалады. Мурда Кэмерон офшордук компанияларда эч кандай үлүшү жоктугун билдирген эле.

Парламенттеги оппозиция 3-апрелде чыккан чуулуу документтерде премьердин тууганынын ысымы аталгандыктан көз карандысыз иликтөө өткөрүүгө чакырган. Mossack Fonseca офшордук компаниясынын документтеринде премьердин атасы Иэн Кэмерон 1980-жылдары негизделген офшордук фондду жетектеп келгени жазылган. Ал компания аркылуу колунда бар британдыктар салык төлөөдөн качып келишкен.

3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтерде азыркы кезде жана буга чейин мамлекет башчысы болгон 12 кишинин ысмы аталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG