Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Тоолуу Карабакта эки согушкер мерт кеткени кабарланууда


Тоолуу Карабактагы жаңжал 2-апрелде тутанган.

Тоолуу Карабактагы жаңжал 2-апрелде тутанган.

5-апрелде Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакта ок атышпоо жараянын жарыялашкан. Бирок кийинки эле күнү жаатташкан тараптар келишимди бузуп, ок чыгарышканын айтып бирин бири айыптап чыгышты. Жикчилер эки согушкерин чек аралаш аймакта жоготконун билдиришти.

Армениянын коргоо министри Азербайжан Армениянын аймагындагы аскерий обьекттерге жана жарандык турак-жайларга ок чыгарганын билдирсе, расмий Баку Армения Тоолуу Карабактагы Азербайжандын турумдарына сокку ургандан кийин, жооп кылып ок чыгарганын маалымдады.

Азербайжан менен армяндардын Тоолуу Карабактагы салгылашы 2-апрель күнү таң эрте башталган. Куралдуу жаңжалдын чыгышына эки тарап бири бирин күнөөлөп келет.

Тоолуу Карабактагы жаңжал алгач 1988-жылы тутанган. Армян улутундагылар басымдуулук кылган Тоолуу Карабак автоном облусунун жетекчилиги ошол кездеги Азербайжан ССРинен бөлүнүп чыгуу аракетин баштаган.

Алты жылдык согушта кеминде 30 миңдей адам набыт болгон. 1994-жылы ок атышпоо келишимине кол коюлганына карабастан, эки тарап тең макулдашууну бир нече ирет бузган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG