Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Өкмөт башчыга байланыштуу башкаруучу коалиция билдирүү таратты


Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев
Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жана көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүндө “эгерде жакынкы күндөрү өкмөт башчы кызматтан кетүү боюнча арызын жазса, бул биздин өлкө өнүгүүнүн цивилизациялуу жолдо бараткандыгын көрсөтөт” – деп айтылат.

СДПК фракциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө ошондой эле премьер-министрдин кызматтан кетиши башка тиешелүү органдарга тыкыр, объективдүү текшерүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берери жазылган.

“Балыкчы – Корумду” автожолунун курулушу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссиянын бүтүмүн угуу 12-апрелге калды. Буга чейин комиссиянын айрым мүчөлөрү тендердеги мыйзам бузуулар үчүн өкмөт башчы Темир Сариевдин кызматтан кетишин талап кыларын айтышкан. Буга Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин тендерде уткан кытайлык компанияда Сариевдин жеке кызыкчылыгы бар деген дооматы себеп болгон.

Премьер Сариев болсо айтылгандарды төгүндөп, жол чыры боюнча Малабаевдин өзүн жоопко тартуу керектигин айтууда.

XS
SM
MD
LG