Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Орусия камактагы Сенцовду Украинага өткөрүп бериши мүмкүн


Режиссер Олег Сенцов.

Режиссер Олег Сенцов.

Орусиянын Юстиция министрлиги Жаза аткаруу федералдык кызматына Украинага камактагы төрт адамды, анын ичинде Крым активисти Александр Кольченко жана режиссер Олег Сенцовду өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу жума күнү Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мекемеден ырасташкандай, тапшырма 10-мартта түшкөн Украинанын кайрылуусунун негизинде берилди.

Камактагыларды өткөрүп берүү боюнча соңку чечимди Орусиянын федералдык соттору кабыл алат.

Сенцовду 25-августта Орусиянын Түндүк-Кавказ боюнча аймактык аскерий соту 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал террорчул коомчулук түзүп, Крымда теракт уюштурууну көздөгөн деп айып коюлган. Сенцов айыптардын баарын четке кагып келет. Ал эми Кольченко ушундай эле айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG