Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Үшүк жүрүшү күтүлүүдө


Баткен
Баткен

9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан жаап, айрым аймактарда катуу жааган жаан карга айланат.

Бийик тоолуу аймактардын авто жолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, 9-апрелде күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 4…9 градус, Ош, Жалал-Абад, облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 7…12 градус, тоо этектеринде 3…8 градус, тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот.

10-11-апрелде түнкүсүн Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6 градус, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде айрым жерлерде 0…2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган, гүлдөгөн жана мөмө бактарга коркунуч алып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG