Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:22

Москвада тажик жаранын атып кетишти


Орус маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда 8-апрелде шаардагы Калужская метросунда электропоезддин вагонунда эки жаран уруша кетип, алардын бири жанындагы “Оса” аттуу травматикалык тапанча менен экинчисин эки жолу атып, качып кетүүгө үлгүргөн. Башына ок тийген адам Тажикстандын жараны Сулаймон Саидов экени аныкталып, ооруканага жеткирилген.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, славян улутундагы жаран эки тажик мигрантты жаман сөздөр менен тилдеп, вагондон чыгып кетүүсүн талап кылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, тапанчанын ээси Москва шаарынын 58 жаштагы тургуну Сергей Царев болуп чыккан. Ал өз үйүндө колго түшүрүлүп, кылмыш иши козголду. (AzK)

XS
SM
MD
LG