Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Атамбаев: кризисте электр энергиясынын баасын көтөрүү болбойт


Түнкү Бишкек
Түнкү Бишкек

Бул туурасында ал бүгүн 9-апрелде Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев менен тарифтерди көтөрүү планын талкуулап жатып билдиргенин президенттин сайты жазып чыкты.

Жолугушууда электрэнергиясын импорттоо жана тарифтерди 20 пайыз эмес, 10 пайызга көтөрүү туурасында сөз болду. Мындан тышкары президентке жылуулук энергиясына баары 2016-жылдын 1-апрелинен тарта тарифти 20 пайызга көтөрүү туурасында маалымат берилди.

Президент дүйнөлүк экономикалык кризис маалында эл үчүн электр тарифтерин кайра карап чыгуу маселесине өтө аяр мамиле кылып, чечим өтө терең иликтөөдөн кийин кабыл алынышы керектигин билдирди. Ал ушул шартта тарифти көтөрүү мүмкүн эместигин билдирди.

Соңку жолу Кыргызстанда электр энергиясы былтыр августта кымбаттаган. Учурда жарандар 1 кВт саатына 77 тыйын, 700 кВт сааттан, тоолуу аймактарда 1000 кВт сааттан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG