Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Жалал-Абад, Ош облустарында жергиликтүү сотторго 17 жаңы судья дайындалды


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында Cотторду тандоо кеңеши Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы жергиликтүү судьялык кызматтарга дайындоо үчүн 24 талапкерди сунуштаган. Президент 29-мартта алардын айрымдары менен аңгемелешип, 17 талапкер боюнча сунушка макулдугун берип, калган жети талапкер боюнча материалдарды кайтарган.

Тандалган талапкерлер президенттин тийиштүү жарлыгы менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалып, ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн аймактарга жөнөтүлдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG