Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Медведев Армения менен Азербайжанга курал ташууну колдойт


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берген орус премьер-министри Дмитрий Медведев эгер Москва жаңжал болуп жаткан аймакка курал ташуудан баш тартса, анда бул аракетти башка мамлекеттер ишке ашырмагын билдирди. Медведевдин пикиринде, курал пайдаланууга гана эмес, “кармануу фактору” катары дагы кызмат кылышы мүмкүн.

2010-жылдан 2014-жылга чейин Орусия жана Азербайжан 4 миллиард долларга жакын суммадагы каражатка вертолет, зениттик-ракеталык система, танк жана артиллерияны сатуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Армения болсо 2013-жылы гана Орусиядан 16 миллион долларга курал алган. Анын ичинде оор куралдар дагы бар. 2014-жылы Ереван курал алган эмес.

5-апрелде Азербайжан менен Армения ок атууну токтотууга жетишкен. Бирок аз өтпөй эле тараптар ок атууну токтотуу режими бузулду деп, бири-бирин айыптаган. Тоолук Карабакта жаңжал 2-апрелдин түнү күчөп, бул куралдуу кагылышуу соңку 22 жыл аралыгында болгон эң ири уруш болуп калды. Эки тараптан тең каза тапкандар, жараат алгандар болду (AzK)

XS
SM
MD
LG