Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Индияда чыккан өрт 100дөн ашык кишинин өмүрүн жалмады


Индиядагы өрт.
Индиядагы өрт.

Керала штатында сыйынуучу жерден чыккан өрттөн дагы 200дөй киши жарат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт индуисттик фестивалда колдонууга пландалган пиротехника сакталган кампадагы жарылуудан чыккан. Өрт храмды толугу менен жок кылды.

Оор жарат алгандар Тривандрам шаарындагы мамлекеттик медициналык колледжге жөнөтүлүүдө. Полициянын маалымдашынча, айрым каза тапкандардын денеси өтө катуу күйгөндүктөн алардын таануу мүмкүн болбой жатат, мындан улам аларды ДНК анализ аркылуу гана аныктоого болот. Штаттын ички иштер министри Рамеш Ченнитала окуяны иликтөөнү тапшырды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция храмдын жанында фейерверк менен шоу өткөрүүгө уруксат бербегендигин билдирүүдө. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, трагедия болгон жерге жөнөп кетти.

Пиротехника Индиянын ар кандай майрамдык чараларында көп колдонулуп, кайгылуу окуяларга себеп болгон учурлар арбын. (AzK)

XS
SM
MD
LG