Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

Тайланддын хан бийкеси Ысык-Көлдө жүрөт


Тайланддын ханбийкеси Маха Чакри Сириндхорн

Тайланддын ханбийкеси Маха Чакри Сириндхорн

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, Тайланддын хан бийкеси Маха Чакри Сириндхорн Кечээ Каракол шаарында болуп, Прежевальскийдин музейинде, анын сөөгү коюлган жерде жана башка тарыхый имарат-жайларда болду. Ал облус жетекчилиги менен Кыргызстандын маданий тарыхый өзгөчөлүктөрү, келечекте биргеликте туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү.

Ушул тапта ал Чолпон-Ата шаарында жүрөт.

Кыргызстанга алгач ирет келген Тайланд хан бийкесин президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелде кабыл алган. Анда эки өлкөнүн ортосунда маданий-гумианитардык, билим берүү жана туризм тармагында кызматташуу маселеси талкууланган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG