Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Темир Сариев депутаттык комиссиянын чечими боюнча пикирин билдирди


Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев.

Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев.

Премьер министр Фейсбуктагы баракчасына депутаттык комиссиянын дем алыш күнү чогулуп, чыгарган чечими боюнча пикирин жарыялады.

Анда Сариев жол курулушунун маанисине жана тендер маселесине токтолуп, өлкөдө жылына жүздөгөн тендер өткөрүлөрүн жана мыйзамга ылайык, тендер өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси ага керт башы менен жоопкерчиликтүү болоорун белгилеп, Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерге министр жоопкерчиликтүү экенин айткан. Премьер тендердин процедурасына анын кийлигишүүсү болбогондугун жана болушу да мүмкүн эместигин белгилеген. Ал билдирүүдө тендерден тышкары лицензия, акча каражаты туурасында кеңири түшүндүрмө берүүгө аракет кылган.

Сариев депутат Канат Исаевдин демилгеси менен түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине токтолуп, жума күнгө белгилеген жыйындын түшүнүксүз себептерден улам токтотулушун, андан ары комиссия негизги фигуранттардын катышуусуз жабык жыйын өткөргөнүн айткан. Ал комиссия ишемби - дем алыш күнү шашылыш чогулуп, өкмөттөн эч кимди чакырбай, дароо чечим кабыл алганын сындап, комиссиянын транспорт министри Аргынбек Малабаевдин гана көрсөтмөсүнө таянып, корутунду чыгаруусу анын объективдүүлүгүнөн шек санатарын, комиссиянын мындай аракети анын айрым мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына байланыштуу экенинен кабар берерин белгилеген.

Темир Сариев бул маселенин ачык иликтенишине кызыкдар экендигин жана саясий интригалардан улам маанилүү жол курулушунун токтоп калуусунан чочулап жатканын кошумчалаган.

Кечээ ишемби күнү депутаттык комиссия жыйынга чогулуп, жол курулушуна байланыштуу маселени парламенттин палатасына чыгаруу жана анда премьер-министрди отставкага кетирүү маселеси дагы коюларын билдирген. Ал жыйынга өкмөттөн эч ким чакырылган эмес. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG