Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Орусияда соттолгон бир туугандардын атасы жардам сурап элчиликке кайрылды


Орусия. Кармалган мигранттар.
Орусия. Кармалган мигранттар.

Москвада карактоого шектелип, беш жылга кесилген эки кыргызстандык мигранттын атасы Алмазбек Шерматов балдары айыпсыз экендигин көрсөткөн далилдер бар экендигин айтып, элчиликке жардам сурап кайрылды. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги иштин чоо-жайын аныктоо үчүн аталган жаранга юрист бөлүп берди.

Өткөн жылы Москва шаарында жергиликтүү тургунга белгисиз адамдар кол салып, уруп, колундагы баштыгын жулуп качкан. Жабырлануучу ага кол салгандар мигранттар экенин айтып, көп өтпөй окуя болгон жерге жакын жашаган кыргызстандык үч жаран кармалып, алар беш жылга соттолгон.

Бирок абакка кесилген 22-24 жаштагы эки бир тууган балдардын атасы Алмазбек Шерматов кылмыш болгон маалда анын эки баласы жана алар менен чогуу иштеген кыргызстандык жаран жумушта жүргөнү видеокамерага тартылып калганын айтууда. Бирок сотто ал далил көз жаздымда калганын, жабырлануучунун кылмышка шектүүнү таануу процесси адвокаттын катышуусуз өткөнүн, жабырлануучу бир нече ирет көрсөтмөсүн өзгөрткөнүн билдирүүдө.

Ал балдарын абактан чыгарууга жардам сурап Кыргызстандагы Акыйкатчы инстутутуна кайрылган. Эми ал президентке дагы кайрылуу жолдогону жатат.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын соңку маалыматында, Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 560 миңден ашат. Ал эми ар кандай кылмыш иштери боюнча айыпталып, орус абактарында жаза өтөп жаткандар саны 1,5 миңден көп. (AzK/AiA)

XS
SM
MD
LG