Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк кызматтан кетмекчи


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк президент Петро Порошенконун парламенттик фракциясы өкмөт башчылыкка Владимир Гройсманды сунуштаганын айтып, туруктуулук үчүн өкмөт башчылык кызматты өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

“Өкмөттөгү саясий кризис жасалма түрдө тутандырылган, бир кишини алмаштырабыз деп максат койгон саясатчылар алысты көрө албай, реалдуу өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу аракеттерин токтотуп койду”, – деди Яценюк.

Ал рейтинг деген нерсе өзгөрүлмөлүү экенин айтып, “Элдик майдан” фракциясы эки жыл аралыгында биримдикти жана жоопкерчиликти, оор чечимдерди кабыл алууга кудуреттүү экенин көрсөткөнүн белгиледи. Яценюк расмий арызды 12-апрелде парламентке тапшыраарын айтты.

Өкмөт башчылыкка сунушталган Владимир Гройсман Жогорку Раданын азыркы спикери. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG