Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Сириянын өкмөттүк армиясы Алеппону алууга даярданууда


Сириядагы согушта жабыркаган үйлөр
Сириядагы согушта жабыркаган үйлөр

Орусия аба күчтөрү жана Сирия армиясы Алеппо шаарын бошотууга даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу 10-апрелде Москвада сапарда жүргөн Сирия өкмөт башчысы Ваел ал-Халаки билдирди. “Орусиялык өнөктөштөр менен бирге Алеппону бошотуу операциясына кам көрүп жатабыз. Ок атышпоо келишимин бузган же ага кошулбаган мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коебуз", - деген премьердин сөздөрүн ТАСС кабар агенттиги келтирди.

Акыркы 24 саатта калаанын айланасындагы салгылашууларда өкмөтчүл 16 аскер жана "Ал-Кайиданын" канаттары, козголоңчу топтордун 19 мүчөсү окко учканы маалымдалууда. Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салган уюмдун ырастоосунда, Алеппо аймагында кармаштар уланууда. “Ислам мамлекети” жана “Аль-Нусра фронту” радикал топтору АКШ менен Орусиянын арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо макулдашуусуна камтылган эмес.

XS
SM
MD
LG