Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:32

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Чоң жетинин саммитине катышуу үчүн 10-апрелде Японияга барды. Дүйшөмбүдө Керри Хиросимадагы мемориалга барып, тарыхтагы алгачкы атомдук бомба чабуулунан курман болгондорду эскерген америкалык эң жогорку даражалуу өкүл болуп калмакчы.

1945-жылдын 6-августунда АКШнын учагы 15 тонналык ядролук бомбаны шаарга таштаганда 80 миңдей киши дароо набыт кеткен. Экинчи бомба бир нече күндөн кийин Нагасакини бутага алган.

Чоң жетинин саммитинде террорчулукка каршы күрөшүү, Украинадагы кырдаал, Түндүк Корея, Жакынкы Чыгыш, миграция кризиси сөз болмокчу. Жыйынга ошондой эле Британия, Франция, Канада, Германия, Италия жана Жапониянын расмий өкүлдөрү катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG