Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Мигранттар менен Македония полициясы кагылышты


Качкындар менен македониялык полициянын кагылышы.

Качкындар менен македониялык полициянын кагылышы.

Грекиянын Идомени шаарчасындагы мигранттар македон полициясы менен кагылышты. Бозгундар эки өлкөнү бөлгөн тосмолордон ашып өтүүгө аракеттенгенде тартип коргоочулар аларды артка сүрүү үчүн жаш агызчу газ колдонушкан. Мигранттар аларга таш ыргытып жооп кайтарышты. Анын алдында чек ара ачылат экен деген имиштер пайда болгондо 500дөй киши ал жерге топтолуп калган. Македония полициясы маалыматты төгүнгө чыгарганда 100 чакты мигрант, анын ичинде балдар тосмолордон өтүүгө аракеттенишкен.

Февралдын ортосунда Балкан өлкөлөрү өз аймактарынан өтчү жолдорду бозгундар үчүн жаап салгандан кийин Грекиянын түндүгүндөгү Идомениде 11 миңден көп киши топтолуп калган. Грекиянын миграция иштери боюнча мекемесинин расмий өкүлү македон полициясынын күч колдонушун “кооптуу жана өкүнүчтүү” деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG