Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Допинг доосунан арылбаган Орусия


Орусиянын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы
Орусиянын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы

Орусия Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин орус спортчуларын допинг колдонуусу боюнча айыптоолоруна байланыштуу кылмыш ишин ачуудан баш тартууда.

Аз күн илгери Орусиянын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасынын оюнчуларынын тең жарымы тыюу салынган мельдоний дарысын колдонгону белгилүү болду. Бул Орусияны 14-апрелде АКШда башталчу хоккей боюнча өспүрүмдөр чечмпионатына катышчу тобунун курамын толугу менен алмаштырууга аргасыз кылды.

Орусия прокурорлору Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин баяндамасында келтирилген орус спортчулары системдүү түрдө кызытма колдонгону тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, бирок расмий иликтөө жүргүзүүдөн баш тартканын өлкөнүн спорт министри Виталий Мутко билдирди.

- Мен бир гана нерсени айта алам, башкы прокурор сөз болуп жаткан баяндамадагы маалыматтарды кылдат карап чыккан соң кылмыш ишин козгоо үчүн укуктук жактан документтештирилген бир дагы фактыны тапкан жок, - деди спорт министри Виталий Мутко 8-апрелде Орусиянын "Спортфакт" агенттигиндеги маегинде.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик былтыр ноябрда жарыялаган 335 беттүү баяндамасында орус жеңил атлетчилерин тыюу салынган дарыны колдонгону үчүн айыптап, бул мамлекеттик колдоо аркылуу ишке ашканын билдирген. Агенттик ошондой эле Орусиянын жеңил атлеттерин эл аралык мелдештерден четтетүүнү сунуштаган.

Президент Владимир Путин дароо эле бул ишке мамлекет аралашканы тууралуу айыптоолорду четке кагып, талаштуу маселе боюнча ички иликтөөлөр жүрөрүн, бирок ага жоопкерчилик өз-өзүнчө каралышы керектигин, ал жеке ошол спортчунун маселеси экенин айтып, спорт министрине бул ишке катуу көңүл бурууну жана чара көрүүнү тапшырган.

Орусияда өткөн күздөгү допинг чуусунан көп узабай эле быйыл жыл башынан бери эле тыюу салынган мельдоний дарысын колдонгону үчүн өлкөнүн бир канча белгилүү спортчуларына дүйнөлүк мелдештерге катышуусуна тыюу салынды. Алардын арасында таанымал теннисчи Мария Шарапова да бар.

Мындай чуру-чуулардан кийин президент Путин 16-мартта өкмөт мүчөлөрү менен өткөн жыйында маселени кабыргасынан койгон:

- Мельдонийге байланышкан маселеде майда-чүйдөсүнө киришким келбейт. Бизде ал күндөлүк зарыл делген дары-дармектер менен дээрлик бирдей катарда турат. Бирок Допингге каршы эл аралык агенттик аны тыюу салынган дарылардын тизмесине кошуп отурат. Андай болгон соң муну эске алуу менен ага талап кылынган тиешелүү мамиле жасалышы керек.

Бирок андан көп өтпөй эле Орусиянын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасындагы оюнчулардын да тең жарымдайы тыюу салынган ошол мельдоний дарысын колдонгону белгилүү болду. Канаданын TSN телеканалы аз күн мурда текшерүү учурунда 18 жашка чейинки 30 тандалма оюнчунун 15 тыюу салынган дарыны колдонгону аныкталганын кабарлады.

14-апрелде АКШда хоккей боюнча өспүрүмдөр чемпионаты башталганы турат. Орусия жаш хоккейчилерин текшерүү жогорудагыдай терс натыйжа берген соң командасынын курамын жана машыктыруучуларын толугу менен алмаштырууга аргасыз болду. Орус оюнчуларынын башкы машыктыруучусу Виталий Прохоров алмаштыруу чечими спорт министри Виталий Мутко менен макулдашылганын билдирди.

Допингге каршы эл аралык агенттик мельдоний дарысын колдонууга быйыл 1-январдан тарта тыюу салган. Андан бери Орусиянын кыркка жакын спортчусу бул дарыны колдонгону белгилүү болду. Текшерүүлөр жалпысынан жыл башынан бери ар кайсы өлкөлөрдүн жүздөй спортчусунан бул дарыны колдонгонун аныктаган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG