Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Грекия менен Македониянын чек арасында 300дөй мигрант жабыркады


Грециядан Македонияга өтүү аракети үчүн кечээ эки өлкөнүн чек арасында 300дөй мигрант жабыркады. Бул тууралуу “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму кабарлоодо.

Македониянын полициясы аларга карата газ аттырып, кулак тундуруучу гранаталарды ыргыткан. Дарыгерлердин айтымында, түрдүү жараат алгандардын көбү эркектер, бирок арасында аялдар жана кичине балдар да бар.

Полиция 23 кызматкери жабыркаганын билдирди.

Балкан мамлекеттери Түндүк Европаны көздөй агылган мыйзамсыз мигранттар жолун февраль айында бууп салган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG