Премьер-министр Темир Сариев соңку күндөрү анын ишине байланыштуу айтылып жаткан дооматтар боюнча атайын билдирүү менен чыгат. Бул тууралуу ал кечээ өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Айрым маалыматтарга караганда, өкмөт башчынын катышуусундагы чоң жыйын бүгүн өтөт.
Ишемби, 9-апрелде Бишкек – “Манас” аэропорту жана Балыкчы – Корумду унаа жолдорунун курулушу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйынга чогулуп, Темир Сариевди кызматтан алыш керек деген тыянак чыгарды.
Ал эми премьер-министр өзү бул тыянак негизсиз жана калыс эмес экенин, себеби шашылыш чогула калган комиссия эң негизги аргументтерди укпастан саясий чечим чыгара салганын айтууда. (RK)