Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

Йеменде атышууну токтотуу келишими күчүнө кирди


Йеменде бүгүнтөн тарта атышууну токтотуу тууралуу келишим күчүнө кирди. Мурдагы президент Абу Раббу Мансур Хадиге лоялдуу аскерлер эгер хуси козголоңчулары тынчтыкты сактаса бул келишимду бузбай турганын билдиришти.

Ага чейин шииттердин хуси козголоңчулары да ок чыгарууну токтоторун билдирген.

Каршылаш тараптар билдирүүсүн Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөтүштү. Анда хусилер өз союздаштары менен бирге жер үстүндөгү да, деңиздеги жана абадагы да чабуулдарын токтотору айтылат.

Йеменде өкмөтчүл согушкерлер менен шиит козголоңчуларынын ортосундагы уруш 2014-жылдын августунда башталган. Андан бери алты миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, эки жарым миллиондой киши өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Улуттар уюмунун эсебинде мындан тыш 21 миллион адам, же өлкө калкынын 82 пайызы эң зарыл гуманитардык жардамга муктаж.

Йемендеги каршылашкан тараптарды элдештирүү боюнча буга чейинки аракеттерден майнап чыкпай келген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG