Бүгүнкү күндө Бишкекте эң көп суроо-талапка ээ кесип – бул тикмечилик. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, учурда шаар боюнча талап кылынуучу жумушчулардын тизмесинде эң көбү тигүүчүлөр – 876 бош орун. Андан кийин айдоочу – 238 вакансия, ашпозчу – 216, сатуучу – 137.
Ал эми кызматтык орундар арасында эң көп суроо-талапка ээ болуп жаткандар: мугалим – 139 вакансия, кассир – 126, доктур – 108, 83 – кыймылсыз мүлк агенти, 72 – медайым.
Расмий маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда жумушсуздуктун жалпы деңгээли 8% түзүүдө. Экономикалык жактан активдүү калктын саны 2,5 миллион адам. Ал эми жумушсуздардын жалпы саны 201 миң.
Жумушка орноштуруу кызматында каттоодо 88 миң жаран турат. (RK)