Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Укук коргоочу Казакстанда камалып жаткандар боюнча Атамбаевге кайрылды


Укук коргоочу Турсунбек Акун Казакстанда аткезчилик үчүн эки жылдан бери камалып жаткан кыргыз жарандары боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Анын айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Казакстандын “Кылмыш кодексинин” 6 жана 35-беренелеринин негизинде алардын толук акталышына юридикалык негиз ачылган.

- Ошонун негизинде биздин президент Казакстандын президентине кайрылса чыгарып алганга толук мүмкүнчүлүк бар. "Экономикалык аткезчилик" деген түшүнүк алынып салынгандан кийин бул балдар автоматтык түрдө чыгарылышы керек. Ал эми Казакстандын соттору биздин прокуратура, өкмөт, ТИМ кайрылса да укпай койду. Себеби казак бажы, чек ара кызматтары көп жылдан бери чек арадан кармалган кыргыз жарандарынын аркасы менен акча таап, коррупция уланып келатат.

2014-жылдын 10-апрелинде Меркеде 14 оор жүк ташуучу унаа менен 15 кыргыз жараны кармалган. Алар баары Казакстанда соттолуп, камакта жатат.

Жакында алардын ишин бул өлкөнүн Жогорку Соту карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG