Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

“Элдик парламент” коомдук бирикмеси түзүлдү


"Элдик парламент" атыккан коомдук бирикме 12-апрелде борбор калаабыздын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында саат 10:00дө жыйын өткөрүшмөкчү. Аталган коомдук бирикменин мүчөсү Асанбек Сарыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “Элдик парламентке” 25 жылдан кем эмес өлкөгө кызмат кылган адамдар кирет.

- “Элдик парламент” коомдук бирикмесинде шайланган 105 депутат өлкөдөгү саясый, социалдык-экономикалык абалды, эл мүдөөлөрүн жаңы формада талкууга алып, аны чечүү жолдорунун сунуштоо багытында иш алып барууну көздөшөт.

Сарыбаевдин айтуусунда, коомдук бирикме оппозицияга да, бийликкке да көз карандысыз, мыйзам үстөмдүгү менен иштеген эл өкүлү институтун түзүүнү максат кылат. Бирикмеге депутаттар ички тартип менен тандалып алынат. (SDz)

XS
SM
MD
LG