Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Миграция кызматы тараткан маалыматта 1-апрелге карата 167 адам качкын макамы менен өлкөдө жашаса, анын ичинен 103 адам Ооганстандын жарандары. Ушул тапта баш калка издеп жүргөндөрдүн саны 77ге жетти.

2016-жылдын биринчи кварталында 25 чет элдик жарандын качкын макамын берүү тууралуу арыз менен кайрылышкан. 1-апрелде мекемелер ортолук комиссиянын отуруму өтүп, башка өлкөдөн жумушчуларды тартуу боюнча 250 арыз каралып, алардын 214ү канааттандырылды.

Өкмөт башка өлкөдөн жумушчу күч тартуу үчүн 2215 квоталык орун бөлгөн. Алардын 66 пайызы Бишкек шаарында иштешет. Жалал-Абад облусунда 517, Чүйдө 163, Ошто 72, Ысык-Көлдө 13 чет өлкөнүн жарандары эмгек квотасына ээ болушкан.

Миграция кызматынан маалымдагандай, Нарын, Талас жана Баткен облустарында башка өлкөнүн эмгек күчтөрү расмий иштебейт. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG