Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Куралдуу күчтөрдүн жазгы машыгуусу башталды


Кыргыз жоокерлери машыгуу учурунда

Кыргыз жоокерлери машыгуу учурунда

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынан билдиришкендей, аскерлерди башкаруу органдарын, кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди даярдоо планына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн артиллериялык бөлүкчөлөрү жана чек ара кызматынын минометтук взводу менен түндүк жана түштүк-батыш региондорундагы окуу борборлорунун базасында жазгы жыйындар башталды.

Анда артиллериялык бөлүкчөлөрдөгү күжүрмөн аракеттерин даярдоодо жана бөлүкчөлөрдү, алардын ок атууну башкарууларында уюштурууну жакшыртуу иштерине басым жасалат. Андан тышкары артиллериялык системаны пайдалануудагы көнүгүүлөр, чалгындоо жана башкаруу жабдыктары окутулат. Ошондой эле өздүк курам ичинде жогорку күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды жайылтуу иштери жүргүзүлөт.

Бул иш-чаралар 14-апрелинде аяктайт. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG