Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Сириянын армиясы Алеппону алууга даярданууда


Алеппо шаарынын Хайдария району. 10-апрель, 2016-жыл.

Алеппо шаарынын Хайдария району. 10-апрель, 2016-жыл.

Бул тууралуу Москвадагы сапары учурунда Сириянын премьер-министри Ваил Надеру аль-Хальки Орусия думасынын депутаттары менен жолугушуп жатып билдирди.

Сирия өкмөт башчысынын айтымында, алардын күчтөрү Алеппо шаарын бошотуп, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга кирбеген куралдуу мыйзамсыз топтордун баарын камалоо боюнча операцияга Орусиянын аба күчтөрү менен чогуу даярданып жатат.

Адам укуктары боюнча Сирия обсервоториясы деген байкоочу уюмдун кечээги маалыматына караганда, акыркы 24 саат ичинде Алеппо шаарынын айланасындагы уруштардан өкмөттү колдогон 16 согушкердин, “ал-Каидага” байланышы бар топтордун 19 мүчөсү мерт болгон.

Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча АКШ жана Орусия ортомчулук кылган макулдашууга “Ислам мамлекети” тобу жана “ал-Каидага” байланышы бар “ал-Нусра фронту” деген топ кирген эмес.

27-февралдан тарта күчүнө кирген макулдашуу Сирияда бешинчи жыл уланып жаткан согушту токтотууну максат кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра жандануусуна жол ачты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG