Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Сариев: тендер чырында аягына чейин күрөшөм


Темир Сариев
Темир Сариев

Бүгүнкү өкмөттүн кезексиз жыйынында сөз сүйлөп жатып өкмөт башчылык кызматынан кетээрин айткан Темир Сариев Бишкек – “Манас” аэропорту жана Балыкчы – Корумду унаа жолдорунун курулушу боюнча тендер чырында өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн аягына чейин күрөшөрүн жарыялады.

- Ар бир мага коюлуп жаткан айып боюнча таза иликтөөнү талап кылам. Мага коюлуп жаткан айыптар курулай жалган, жол чырында менин эч кандай тиешем болбойт дагы, – деп кошумчалады Сариев.

Сөзүнүн аягында премьер-министр кызматынан өз ыктыяры менен кеткендиги тууралуу президентке арызын жазып бергенин билдирди.

Темир Сариев 2015-жылдын 30-апрелинде премьер-министрлик кызматка келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG