Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Жер көчкү жүргөн айылдын тургуну малынан ажыраганын айтууда


Сузакта бүгүн жер көчкүнүн айынан малынан ажыраганын "Азаттыкка" жергиликтүү тургун Кенжебек Сатибаев билдирди. Айтымында, үч баш бодо малын жер көчкү жылып келатканда коопсуз жерге айдап кетүүгө үлгүрө албай калган.

Бүгүн түштөн кийин Жалал-Абддын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылында жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, адам өмүрүнө залака тийген жок.

Жалпысынан 30 миң куб метр жер массасы түшкөнү кабарланууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG