Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Оштогу этнофестиваль сахнасынын төрү 30 метр бийиктикте болот


Ошто өтчү этнофестивалдын макети.

Ошто өтчү этнофестивалдын макети.

Ош шаарында быйыл жайында этнофестиваль өтө турган сахнанын төрү 30 метр бийиктикте болот. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан кабарлашты.

Сахна шаардын борбордук аянтынан орун алат.

Маданий иш-чара 14-15-майда өткөнү жатат. Ага Кыргызстандын түштүк аймагындагы облустардан келген өнөр адамдары катышат.

Ал эми калган облустар катыша турган фестиваль Бишкек шаарында өтмөкчү.

Жыйынтыгында тандалып алынган эң мыкты артисттердин чеберчилиги экинчи дүйнөлүк “Көчмөндөр оюндарында” көрсөтүлөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG