Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Сузакта күйдүргү жуктурган бейтаптын абалы оор


Сузак райондук ооруканасына күйдүргү ылаңын жуктуруп, ушул айдын башында жаткырылган 38 жаштагы тургундун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Улпат Назарбекова билдирди.

Маалыматка караганда 25-март күнү Сузактын Шатырак айылында күйдүргү ылаңына кабылган мал союлуп, үйдүн ээсинде ич эти калган. Үч үй-бүлө биригип аны тамак ашка колдонгон.

Учурда райондо 46 адам каттоого алынып, аларга атайын дары-дармек берилүүдө.

Ал эми шаарга сатылган эттен жабыркагандар азырынча аныктала элек.

Өткөн жылы райондо күйдүргү боюнча 2 учур каттаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG