Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Жалал-Абад облусунда жер көчкү беш бодо малды басып калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, кечээ кечинде Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде көлөмү болжол менен 30 миң куб метр жер көчкү түшкөн:

- Жер көчкүнүн кесепетинен айылдын булагы тосулган, жергиликтүү тургундар суунун нугу калыбына келтирген. Алчалуу айылына келген 3 электр мамыча жабыркап, 31 кожолук убактылуу электр энергиясыз калган. Ошондой эле жер көчкү жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды жана 19 түп теректи басып калган. Кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөнү коопсуз жайга чыгуусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын эскертмеси берилди.

Бүгүн, 12-апрелде электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG