Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” китеби чыкты


Шайлообек Дүйшеевдин китеби.
Шайлообек Дүйшеевдин китеби.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” атуу китеби чыкты. 2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бул эмгек “Манас” эпосундагы элибизге белгилүү “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүнө жаңы вариант болуп эсептелет.

Китеп бул идеяны Кыргыз эл артисти, атактуу обончу Түгөлбай Казаков айтып бергени, ал идея кандайча жүзөгө ашырылганы жөнүндөгү автордун баяндамасы менен ачылат.

“Эки дөөнүн күрөшү” көптөгөн окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан иштелип, кошумчаланып, Бишкектин “Турар” басмасынан жарыкка чыкты.

Акындын варианты оригиналдуулугу, фантазиясынын күчтүүлүгү жана тилинин чеберчилиги менен айырмаланат.

Китеп 1000 нуска менен чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG