Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

УКМК: милиция 15 миң сом пара алып жатканда кармалды


УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМдин маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын штаттан сырткаркы кызматкерин 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Маалыматта айтылгандай, коррупцияга каршы кызматына Ф.Щ. аттуу жаран, милиция кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар маңзаттарды ыргытып жана жаза куугунтукка алуу менен коркутуп, 2015-жылдын май айынан тарта ай сайын 25 миң сом суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

5-апрелде биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милициянын штатта эмес кызматкери “Э.Б.”, кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды.

2015-жылдын майдан ноябрга чейин жабырлануучунун милиция кызматкерине берген акча каражаттын жалпы суммасы 125 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304 “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 313 “опузалап пара талап кылуу” беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоп, милиция кызматкерин соттун чечими менен камакка алынды.

XS
SM
MD
LG