Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ысык-Көлгө чабактар коё берилди


Балык, Кыргызстан
Балык, Кыргызстан

Тоң районундагы балык заводунда атайын аппараттарда кармалган 2,5 миллион сига-лудога жана 500 миң форель балыгынын чабактары көлгө коё берилди. Балыктын уруктары 2015-жылдын ноябрь айынан ушул жылдын апрель айына чейин багылып, чабактардын салмагы 420 милиграммга жеткен.

«Ысык-Көл биосфералык аймак» башкы дирекциясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, мындай иштер акыркы үч жыл аралыгында активдүү жүрүүдө. Бул аракеттер көлдөгү балыктын санын сактап калуу максатында жүргүзүлүп келет.

Ысык-Көлгө акыркы жолу бир жыл мурун чабактар коё берилген. Адистер көлдө балыктын түрү браконьерлердин айынан жыл санап азайып жатканын, союз убагына балыктын 36 түрү бар болсо, учурда 13 түрү калганын айтышат. (AsM)

XS
SM
MD
LG