Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Жол тыгынды жөндөгөн жигиттерге депутаттар да ыраазы


Жол кыймылын жөнгө салган жигиттер.

Жол кыймылын жөнгө салган жигиттер.

Парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү отурумунда борбордогу И. Ахунбаев жана Ч. Айтматов көчөлөрүндө унааларды жөнгө салган Талантбек Турдубаев жана Эрлан Боогачиев депутаттардын ыраазылыгына татыды.

Эл өкүлдөрүнүн билдиришинче, МАИ кызматкерлери жол чырак иштебей калган учурда жол тыгынды жөнгө салуу үчүн келбей койгондо, эки жаран мактоого аларлык иш кылышып, автоунаа тыгынын жайгарган. Депутаттар ошондой эле Турдубаев жана Боогачиевдин аракетинде мыйзам бузуу жок экенин белгилеп, чакырылгандарга ак калпак кийгизди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Ахунбаев жана Айтматов кесилишининде жол кыймылын жайгарып жаткан балдардын видеосу чыккан. Алар автоунаа тыгынын калыбына келтирип аткан учурда патрулдук милициянын унаасы токтобостон өтүп кеткенинен улам, ИИМ кийинчерээк ал кызматкерлерди кызматтан алганын кабарлаган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG