Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Чемпиондор лигасы: “Реал” - “Вольфсбург” менен ойнойт


"Реалдын" мыкты оюнчусу Криштиану Роналду
"Реалдын" мыкты оюнчусу Криштиану Роналду

Бүгүн чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын алкагында жооптуу беттештер өтөт. Буга чейин Германиянын клубунан 2:0 эсебинде утулган мадриддик “Реал” өз үйүндө жарым финалга чыгууга аракет кылат. “Вольфсбургдан” утулганына карабай букмекерлер “Реалдын” кийинки айлампага чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилөөдө.

Ошондой эле Англиянын “Манчестер Сити” клубу өз үйүндө Париждин “ПСЖ” клубу менен ойномокчу. Бул эки команда Париждеги биринчи оюнда 2:2 эсеби менен тең чыккан эле.

Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши 28-майда Миланда өтөт. Учурда бул кубок испаниялык “Барселонага” таандык. (SDz)

XS
SM
MD
LG