Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

“Ислам мамлекети” тобунун тажик эмиссары изделүүдө


Тажикстандын бийлиги 26 жаштагы Анушервон Азимовду издөөгө алды. Жергиликтүү булактардын маалыматында ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунда “Анас” деген каймана аты бар тажик эмиссары экендиги айтылат.

Милициядан билдиришкендей, Нурек шаарынын Туткавул конушунун тургуну саналган Азимов акыркы эки жылда Москвада жашап, ал жерде жаштарды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тартуу менен алектенген. Жакынкы Чыгыштагы согушка 100дөн ашуун тажикти азгырууга жетишкени айтылат.

11-апрелде жарыяланган расмий маалыматтарга ылайык, Сириядан кайтып келген же ал жакка жөнөп жаткан тажиктердин 40 пайызы аларды Москвада “Анас” аттуу жаш тажик азгыргандыгын билдиришкен.

Орусияда бир миллионго жакын тажик эмгек мигранттары бар. Жакынкы Чыгышта “Ислам мамлекети” радикал тобунун курамында согушуп жатканы айтылган 1000 чамалуу тажик жаранынын көпчүлүгү Орусиядан азгырылып келгендер болуп саналат.

XS
SM
MD
LG