Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Вашингтондо шайлоо реформасын талап кылгандар кармалды


АКШ Конгрессинин имараты.
АКШ Конгрессинин имараты.

АКШ баш калаасындагы Капитолия имаратынын алдына 11-апрель күнү шайлоо реформасын талап кылып пикетке чыккан 400дөн ашуун кишини полиция кармап кетти. Маалымат булактары акция катышуучулары шайлоону эркин өткөрүүнү талап кылып: “Бир киши – бир добуш”, “Саясатта акча болбошу керек” деп кыйкырык салышканын кабарлады.

Полиция топтолгондорду экиге бөлүп, мыйзамсыз аракет жасагандарды желим кишен менен автобуска салып кеткенин Reuters агенттиги маалымдады.

Пикет “Демократия жазы” аталышындагы акциялардын алкагында уюштурулган. Алар АКШ Конгрессинен “саясаттагы чоң акча” системасын жоюуну талап кылышууда.

Полициянын аракеттерине карабай, акция катышуучулары пикетти улантышканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG