Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Орус мушкери допингден улам чемпиондук наамынан ажырады


Мельдоний препараты орусча "Милдронат" аталышында сатылат.

Мельдоний препараты орусча "Милдронат" аталышында сатылат.

Оор салмактагы орусиялык боксчу Игорь Михалкин Европа мушкерлер бирикмесинин (EBU) чечими менен Европа чемпиону наамынан ажыратылып, эки жылга чейин бокс беттештерине катышуусуна чектөө коюлду. Допинг текшерүү учурунда ал "мельдоний" препаратын колдонуп келгени аныкталганын жергиликтүү булактар кабарлашты.

Михалкин аталган чемпиондук наамды 2014-жылы утуп, үч жолу коргоп калган. Ал допинг колдонуп жүргөнү быйыл мартта Францияда Патрик Буа менен беттешер алдында маалым болгон.

"Мельдоний" дарысы 2016-жылдын башынан тарта тыюу салынган препараттар тизмесине кирген. Андан бери 120дан ашуун спортчу аны ичип жүргөнү маалым болду.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG